21:13, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Балыкчыда маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

20:37, 6 жетинин айы 2019 19

Баракелде -  Балыкчы шаарынын Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө 5-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага биринчи вице-мэр А.Табалдиев, шаардык кеңештин депутаты С.Аманкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Салтанатта шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары, ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн ардак грамоталары жана төш белгилери менен бир катар маданият кызматкерлери сыйланды.

Майрамдык кечеде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата Балыкчы шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер арасында өткөрүлгөн сармерден сынагынын жыйынтыгы дагы чыгарылды. Анда 3-орунду Мамлекеттик чек ара кызматынын №2064 аскер бөлүгү жана муниципалдык ишканалардын айымдары, 2-орунду социалдык жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген айымдар, 1-орунду орто кесиптик окуу жайлардын кызматкер айымдары алышты. Ал эми баш байгени билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери багындырышты. Жеңүүчүлөргө ардак грамота жана башка сыйлыктар ыйгарылды.

Майрамдык кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком