16:36, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Куралдуу топ тажик-өзбек чек арасындагы заставага кол салып, 17 адам өлтүрүлдү

На русскомEnglish
11:08, 6 жетинин айы 2019 12939

Баракелде -  20 адамдан турган куралдуу топ бет кап кийип, тажик-өзбек чек арасында жайгашкан чек ара заставасына кол салды.

6-ноябрга караган түнү саат 3:23 чамасында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен «Султанабад» чек ара аскер бөлүгүндөгү №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кол салуу учурунда алар 5 даана ок атуучу куралды тартып алышкан. Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында куралдуу топтун 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө кармалды. Атышууда 1 чек арачы жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин 1 кызматкери каза болду.

Учурда окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком