16:35, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектин аталышын өзгөртүү боюнча депутаттардын пикири

На русском
17:49, 4 жетинин айы 2019 539

Баракелде -  Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарада эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов саясий ишмердин ысымын борбор шаарга ыйгарууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Давлетовдун сунушу боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Вице-спикер Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»): «Биринчиден, борбор шаардын аталышын өзгөртүү жөнөкөй маселе эмес. Баарыбыз анын өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошкон салымын билебиз. Сунуш талкууну талап кылат. Бул жөн эле борбор шаардын аталышын өзгөртүп салуу эмес. Экинчиден, мыйзам шаарлардын, райондордун жана айылдардын аталышын жарандардын атына өзгөртүүгө жол бербейт. Ошондуктан азырынча эрте деп ойлойм. Эгер жаңылбасам, буга чейин Бишкектеги райондордун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталган».

Депутат Калдарбек Баймуратов («Республика—Ата Журт»): «Ооба, Турдакун Усубалиевич татыктуу адам. Бирок бул сунушту референдумга алып чыгуу зарыл. Эл чечиши керек. Бир сунуш жетиштүү эмес. Анын ысымын көчөгө, борбордук аянтка берип, айкелин тургузса болот. Ал эми борбор шаардын аталышын өзгөртүүнү эл чечиши керек».

Депутат Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»): «Турдакун Усубалиевичке каршы эч нерсе айтпайм. Аны сыйлайм. Чындыгында ал Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон адам. Борбор шаардын аталышын өзгөртүү жакшы тенденция болбойт. Эртең Ош, Токмоктун аталышын өзгөртүү сунушталат. Баш аламандык болот. Бул менин жеке пикирим».

Депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»): «Анын ысымын Бишкектин Биринчи май районуна, борбордук көчөлөрдүн бирине берсе болот. Дал ошол Биринчи май районунда Кыргызстан Коммунистик партиясынын борбордук комитетинин мүчөсү болгон».

Депутат Максат Сабиров («Республика—Ата Журт»): «Азыр көчөлөрдүн, шаарлардын аталышын алмаштыра турган учур эмес. Биз өлкөнүн экономикасы тууралуу ойлонушубуз керек. Албетте, Турдакун Усубалиевдин эмгеги зор. Ушунча жыл иштеп, шаар курду. Бирок азыр шаардын аталышын өзгөртчү убак эмес. Эгер биздин экономикабыз абдан жакшы болсо, аталышты өзгөртмөкмүн. Карта жана башкаларды өзгөртүү керек да. Азыр борбор калаа адамдын атын алып жүрөт, ал тарап да нааразы болот. Муну да эске алуу керек. Көчөлөргө такыр өзгөртүлбөгөндөй тарыхый аталыш берүү керек. Бир жолу койгондон кийин ошол бойдон калат».

Депутат Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан»): «Бул тууралуу ойлонбоптурмун. Турдакун Усубалиевич ысымын шаарга бере турган татыктуу адам. Элдин татыктуу уулдарынын бири. Бирок дароо жооп бере албайм. Бул суроону жакшылап ойлонуш керек, бирок кээ бир жерде макулмун».

Депутат Төрөбай Зулпукаров (КСДП): «Бул абдан маанилүү суроо. Жөн эле сунуштап коюу оңой. Турдакун Усубалиев Фрунзенин түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Ооба же жок деп айтуу оор. Шаарлардын атын өзгөртүү туура эмес деп ойлойм. Бул чечимди "Жети өлчөп, бир кес" дегендей, ойлонуп кабыл алуу керек. Ошондуктан талдоо жүргүзүү зарыл. Бул биздин өлкөнүн борбор шаары. Бүткүл кыргызстандыктардын пикирин эске алуу керек».

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком