08:31, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда 403 социалдык объект курулуп жатат

21:26, 1 жетинин айы 2019 52

Баракелде -  Учурда өлкөнүн аймагында 403 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов капиталдык курулуштардын абалы жана бүтпөгөн курулуштардын көйгөйү талкууланган жыйында айтты.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, социалдык объектилердин курулушун аягына чыгарууга 16 млрд сом талап кылынат. Бирок жыл сайын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бул сумманын 25 пайызы гана бөлүнө турганын айтты.

«Биз силерден болгону бир гана нерсени талап кылабыз, ал — курулушу жүрүп жаткан объектилер бүтмөйүнчө жаӊы курулуш иштерин баштабоо», - деди А.Шыкмаматов.

Агенттиктин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, 403 объектинин ичинен 47 имараттын 70-99 пайызы бүткөрүлгөн. 54 объектинин курулушу 41-70%, 71 объектинин курулушу 11-40% болсо, 59 объектинин курулушу 10% гана аткарылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком