18:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кочкордо дүкөнчүнү өлтүрүп, пальтосун кийип алып айыл аралай баскан тургун

На русском
15:54, 16 жетинин айы 2019 105

Баракелде -  Кочкор РИИБдин башчысынын орун басары, подполковник Уланбек Жаманкулов бул тармакта 22 жылдан бери эмгектенип келет. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата аймактык кабарчы У.Жаманкуловго жолугуп, маектешти.

Уланбек Жаманкулов 1973-жылы Кочкор районунун Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1998-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган. 1992-жылдан 1996-жылга чейин Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алган. 2003-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясында билимин жогорулаткан.

Ал 2017-жылдан бери Кочкор РИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келет. Жумушундагы ийгиликтери үчүн 2016-жылы президенттин кол сааты менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

20191030_141921

Детектив чыгармаларга таасирленген окуучу

- 1980-жылы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин босогосун аттадым. Китепти көп окучумун. Эгемендүүлүк жылдарына чукул детектив жанрындагы чыгармалар көп басылып чыга баштаган. Ошондо детектив чыгармаларга көп басым жасап, окуп баштадым. Чыгарманы окуп жатып көмүскөдө калган кылмыштардын бетин ачууга кызыгуум күчөдү. Ушул чыгармалардын таасиринен улам ардактуу кесиптин ээси болдум. Алгач Кочкор районундагы Кара-Суу айылында аймактык тескөөчү болуп иш алып баргам.

Өлгөн адамдын пальтосун кийип алган киши

- Кочкордогу милиция кызматына жумушка кирип, биринчи майрамга күбө болор астында (1-ноябрь — Милиция кызматкерлеринин күнү) адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул ишти мен тергемей болдум. Кырсык болгон жерге барсак азык-түлүк саткан күркөнүн ээсин өлтүрүп, сыртынан бекитип кетиптир. Жолдон келе жатсам баштык көтөргөн бир адам чыкты. Ал мурунтадан уурулук фактысына шектелип жүргөн. Көчөдөн аны токтотуп, "ички иштер бөлүмүнө баралы, сүйлөшчү сөздөр бар" десем болбойт. Мага каршылык көрсөтүп, экөөбүз жакалашып кеттик. Биздин кызматтык унаа жолдо келе жатыптыр. Аны тосуп, шектүүнү унаага салып алып РИИБге алып келдик. Шектүүнү унаадан түшүрүп жатсак, күркөдө киши колдуу болуп өлгөн маркумдун кызы ыйлап: "бул атамдын пальтосун кийип алыптыр" деди. Көрсө шектүү күркөдөгү соодагерди өлтүрүп, баштыгына азык-түлүк салып, анын пальтосун кийип алып жүрүптүр.

36 жолу мал уурдаган жигит милиция болом деп...

- Биздин РИИБге жаш жигит жумушка кирем деп даярданып жүргөн. Анын документтерин мен кабыл алып, жумушка кабыл алуу боюнча буйрукту күтүп жатканбыз. Ошол аралыкта мал уурулук фактысы көп катталды. Алар дагы бири-бирине окшош фактылар. Талаадан малды соёт дагы, ич этин ошол жерге таштап, этти жүктөп кетет. Мындай факт Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунда көп каттала баштады. Акыры алардын жиги билинип, шектүүлөрдүн бирин Бишкек шаарынан кармап келдик. Бул бир адамдын колунан келмек эмес. Териштирип отуруп, уурулук кылган топту кармадык. Топтун курамында бир тууган бажалар, алардын аялдары жана бир жаш жигит бар экен. Жалпы 5 адам болду. 36 мал уурулук фактысын мойнуна алышты.

Ал эсми жаш жигиттин документин кабыл алгандан кийин мал уурулукка шектүү деген маалыматтар келе баштаган. Эгерде бул кылмыштын бети ачылганча шектүү биздин катарга кошулуп калса эмне болмок деген ойго келдим.

Намаз окуган адамдар баңгизат колдонуп…

- Бизде намаз окуган адамдарга сый-урмат өзгөчө эмеспи. Алар жаман жолго баспайт деп түшүнөбүз. Жумгал РИИБде иштеп жүргөндө баңгизат сатуу, колдонуу боюнча маалымат келди. Байкоо жүргүзүп баштадык. Күнүгө мечитке барып, намаз окуган адамдар ийне сайынып, баңгизат ташышчу экен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком