02:31, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020164 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сүрөт: Ысык-Көлдө браконьер кармалды

На русском
15:41, Тогуздун айынын отузу, 2019 117

Баракелде -  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ысык-Көл жаратылыш мамлекеттик коругунун кызматкерлери мыйзамсыз балык уулаган браконьерди кармашты.

АКИpress агенттигине Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, кармалган жаран Түп районунун С.А. аттуу жашоочусу болгон. Анын кайыгынан 8 даана сига-лудога табылды.

Аталган факт боюнча Ысык-Көл жаратылыш мамлекеттик коругунун кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамынын бузулушу боюнча протокол түзүштү. Материалдар далил буюмдар менен Түп РИИБге жөнөтүлдү. Учурда укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Коруктун кызматкерлери алынган балыктарды Түптөгү «Мээрим булагы» балдар үйүнө өткөрүп беришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком