09:26, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат мырза министр айымдын жообуна нааразы

На русском
17:41, 28 тогуздун айы 2019 157

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопторуна нааразы болду. Алар бүгүн, 28-октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынына чогулушкан. Анда республиканын 2020-жылдагы бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов имараттын ижара акысын төлөй албай жаткан Жазуучулар союзуна жардам берүүнү суранды (ижара үчүн 1,5 млн сом кошумча). Ал эми министр Жээнбаева Жазуучулар союзу коомдук уюм болгондуктан мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланбай турганын айтты.

Депутат Садык Шер-Нияз маданият тармагына 20 млн сом кошумча каражат бөлүп берүүнү сураган.

«Өкмөт бюджеттин 50 пайызы социалдык тармакка жумшалып жатканын түшүнүшү керек. Ойлонуп көрүп, кайра келишсин. Же өзүңөр чечип коюп эле келе бересиңерби? Анда биз бул жерде эмне үчүн отурабыз. Биз бюджетти карап жатабыз. Болгону 20 млн сом, анан 1,5 млн сом сурап жатабыз, бирок жоопту уктуңар», - деп нааразы болду Садык Шер-Нияз.

Депутат Финансы министрлигин бюджетке өзгөртүү киргизүүдөн баш тартканы үчүн сындады.

«Сыйлабастык ушундай деңгээлге жетип калдыбы? Биз социалдык өлкөбүз жана негизги маселелер ушул жерде каралышы керек. Бюджеттик комитет да маселе бул жерден каралгандан кийин чечим чыгарат. Сыйлабастык чектен ашып баратат», - деди депутат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком