10:00, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
19:45, бештин айы 07 2019 (25 адам окуп жатат)
Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты
22:03, бештин айы 07 2019 (4 адам окуп жатат)
Баткендеги жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Сүрөт

Россияда эртең менен жумушка бара жаткандар, кечинде кайткандар да кыргыздар, - депутат

На русском
13:13, 28 тогуздун айы 2019 (Жаңыланды: 14:07, тогуздун айы 28 2019) 487
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Россиянын аймагында эртең менен жумушка бара жаткандар, кайра кечинде кайткандар жалаң эле кыргыздар деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев айтты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

«Россиянын кайсы жагына барсаң да — Москвада же Питерде, Новосибирскте эртең менен эрте жумушка бара жаткандардын көбү кыргыздар. Кечинде көчөгө чыксаң, жумуштан кайтып бара жаткандар да кыргыздар», - деди депутат.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы жай өнүгүп жаткандыктан жарандар (мигранттар) жакшы жашоо издеп кетишкен.

Р.Казакбаев Кыргызстандын миграциялык саясатынын стратегиясы качан иштелип чыгып, бекитиле турганын сурады. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, Миграциялык саясаттын 2030-жылга чейинки концепциясы иштелип жатат.

Р.Казакбаев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдон бул маселени көзөмөлгө алууну суранды. Депутаттын айтымында, жылдын башында бул саясатты иштеп чыгуу иштери бир нече айда аяктай турганы айтылса, азыр жылдын аягына чейин узарып кеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком