03:11, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Нурсултан Назарбаевдин Лондондогу кароосуз калган үйү

На русском
16:51, 23 тогуздун айы 2019 664

Баракелде -  Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2008-жылы 50 млн фунтка (болжол менен 65 млн доллар) үй сатып алган. Ал Улуу Британиядагы эң кымбат үйлөрдүн бири экенин «Metro» басылмасы жазды.

Хан сарай Лондондун түндүгүндөгү Хэмпстед районунда жайгашканы айтылды. Аталган аймак миллиардерлердин көчөсү деп аталат.

Буга чейин Швейцариянын «Bilan» журналы Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы Динара белгилүү «Бельрив» хан сарайын сатып алганын жазган. Бул сарайдын мурунку ээси — азыркы исамилиттер дүйнөсүнүн лидери Шах Карим ал-Хусейн Ага Хандын тууганы канзаада Садруддин Ага Хан болгон.

Хан сарай Женеванын айланасында жайгашкан. Ошондой эле Швейцариянын улуттук мурастар тизмесине киргизилген.

Маалыматтар боюнча, Динара Кулибаева аны 62 млн франкка (63 млн доллардын тегереги) сатып алган. Мындан үч жыл мурун бул сарай сатыкка коюлуп, биринчи баасы 120 млн франкты түзгөн.

«Bilan» редакциясынын кызматкери Тажикстандын «Азаттык» («Радио Озоди») басылмасына 22-августта чындыгында бул маалымат жарыяланганын билдирген. Маалыматтарга караганда, Н.Назарбаевдин кызы 2009-жылы Женевадан дагы 75 млн долларга кыймылсыз мүлк сатып алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком