02:50, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Конституциялык палата А.Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугун карап жатат

На русском
11:13, 23 тогуздун айы 2019 179

Баракелде -  Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун мыйзамдуулугу каралып жатат.

Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, мурунку депутат Нурбек Касымбеков менен юрист Нурбек Токтакунов катышып жатат. Ал эми Анвар Артыков менен Карамат Орозова катышкан жок.

Процесс судья Карыбек Дүйшеевдин жетекчилиги астында өтүп жатат. Ошондой эле судьялар Эмил Өскөнбаев, Мээргүл Бобукеева, Чынара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Куанбек Кыргызбаев, Эркинбек Мамыров, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова, Жедигер Саалаев катышууда.

Мындан тышкары катышуучулардын арасында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жүрөт. Алардын арасында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов менен Кундуз Жолдубаева бар.

Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген. Бул маселе боюнча Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком