Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Кадестамга каршы беттеши тууралуу: Мен мергенчи, ал олжо
На русском
18:13, 22 тогуздун айы 2019
138
Баракелде - Аралаш уруш боюнча кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов One FC уюмунда чемпиондук титул үчүн беттешет. Беттеш Индонезиянын Жакарта шаарында 25-октябрда өтөт.
Аббасовдун атаандашы — учурдагы орто салмактагы швециялык чемпион Себастьян Кадестам.
«Мен чемпион болгум келет. Титулду коргоп калуу үчүн талыкпай машыгуу керек. Учурда мен атаандашым жөнүндө эч ойлонгон жокмун. Мен анын беттештерин кайра-кайра көргөн жокмун. Мен аны эмес, ал мени ойлосун. Бул жерде мен мергенчи, ал олжо», - деди Абассов.
Кыргызстандык спортчу One FC уюмунда 3 беттеш өткөрүп, эки жолу жеңишке жеткен. Ал эми Кадестам аталган уюмда жалпысынан 6 беттешке чыгып, 5 жолу уткан. 2018-жылы ноябрда Тайлер Макгирини утуп, чемпион аталган болчу.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком