Ноябрда Кыргызстандын футболчулары 3 беттеш өткөрөт
На русском
19:07, 22 тогуздун айы 2019
157
Баракелде - Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ноябрь айында 3 беттеш өткөрөт. Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, биринчи оюн Өзбекстандын курамасына каршы жолдоштук беттеш болмокчу. Ал 9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. .
Ал эми 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо раундунун алкагында дагы 2 беттеш өтөт.
14-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет.
19-ноябрда ушул эле стадиондо Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын футболчуларына каршы ойнойт.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком