17:33, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы М.Абылгазиев кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерди (сүрөт)

На русском
17:48, 19 тогуздун айы 2019 251

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча тестирлөөдөн өтүп, сертификат алды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өкмөт башчы С1 жогорку деңгээл боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлеринен эң жогорку балл топтогон.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине өкмөт мүчөлөрү дагы барышты.

М.Абылгазиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай турганын айтты.

«Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбошу дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз. Тилди колдоо жана сактоонун маанилүүлүгү тууралуу акын Расул Гамзатов: "Эгер эртең менин тилим жоголуп кетсе, анда мен өлүүгө даярмын" деген», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, учурда өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүп жатат. Бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөп, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүп, кемчиликсиз билиши керектигин айтты. Буга байланыштуу Премьер-министр мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктаган «Кыргызтест» системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, тилдин мындан ары өнүгүшү биринчиден мамлекеттик башкарууда, мыйзам жана иш жүзүндө, коомдогу бардык чөйрөлөрдө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком