10:51, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өлкө башчы: Таза суу маселеси бардык региондордо актуалдуу, бул багытта комплекстүү чаралар көрүлүп жатат

На русском
20:02, 17 тогуздун айы 2019 62

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган.

Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоорду 2020-жылы аяктоо болжолдонууда, анын арты менен 4 миңге жакын жергиликтүү жашоочулар таза ичүүчү суу менен камсыздалышат.

Сооронбай Жээнбеков бардык региондордун калкын таза суу менен толук камсыздоонун өзгөчө маанисин баса белгилеп, бул багыттагы иштер анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты.

Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе экендигин белгилеп, президент буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүп, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү ишке тартуу боюнча тиешелүү иштер аткарылып жаткандыгын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча милдетти ишке ашыруу анын президенттик ишмердигинин негизги багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком