17:43, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрда шайланат

На русском
16:51, 16 тогуздун айы 2019 1180

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдардагы Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Н.Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө шайлоолорду өткөрүү пландалган.

Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке (айылдык жана шаардык), 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо (айылдык).

Мындан сырткары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү практикалык жактан ишке ашыруу жана өлкөнүн шайлоо системасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Өлкө башчы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңылануусу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин натыйжалуу, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком