02:49, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Икрамжан Илмияновдун жаңы сүрөтү

На русском
12:44, 16 тогуздун айы 2019 866

Баракелде -  Бүгүн, 16-октябрда Октябрь райондук сотунда Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму өттү.

Отурумга Илмияновдун туугандары, айыптоочу тарап, судья Дамирбек Назаров катышты. Ал эми Илмияновдун жактоочулары оорудан улам отурумга келишкен жок. Ошол себептен отурум жылдырылды.

* Илмиянов алдамчылыкка айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.

* Бул компаниянын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович. Учурда ал жабырлануучу.

* Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу. Аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды 2018-жылдын сентябрь айында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева жазган. Учурда ал — күбө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком