07:56, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алдамчылык менен адамдардын мүлкүнө ээ болуп, Москвада жашырынып жүргөн шектүү кармалды

На русском
12:34, 16 тогуздун айы 2019 123

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жана Ош ОИИБдин кызматкерлери Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Москва шаарынын аймагынан шектүү кармалган. Ал Ош облусунун 1978-жылы туулган К.К. аттуу тургуну экени аныкталды.

Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөгө алынган болчу.

Болжолдуу маалымат боюнча, шектүү 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп, турак жайдын ээсинин жеке макулдугу жок эле анын кол тамгасын өзү түшүргөн. Мүлктү өзүнө жаздырып, 2012-жылы К.К. аны банкка күрөөгө койгон. Ал жерден 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттатып алып, банкка материалдык чыгым келтирген.

Түзүмдөн белгилешкендей, учурда жогорудагы жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын аймагына алып келүү боюнча маселелер чечилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком