17:32, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жогорку Кеңештин депутаттары Латвияга барышты

На русском
10:20, 16 тогуздун айы 2019 182

Баракелде -  Жогорку Кеңештин төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегациясы Латвияга расмий иш сапар менен барып, Латвия Республикасынын президенти Эгилс Левитс менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алакалар, маданий жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Д.Жумабеков Эгилс Левитсти жакында эле президенттик кызматка шайланышы жана Латвиянын көз карандысыз өлкө катары жарыяланышынын 101 жылдыгы менен куттуктады.

«Латвия менен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүгө карай алган багыттары бирдей. Парламенттик системасы менен катар адам укуктарын башкы орунга койгонунда да окшоштуктар бар. Бизге азыркы учурда эки өлкө ортосундагы тыгыз экономикалык байланыштар гана жетишпей турат. Урматтуу президент, биз Латвия Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Ал үчүн алдыда өкмөттөр аралык жигердүү иш-аракеттер башталат деп ишенебиз», - деди төрага.

Кыргызстан 2016-жылдан бери Европа биримдигинин (ВСП+) долбооруна кошулган. Анда 6 миңге жакын айыл чарба азыктарынын түрлөрүн Европа өлкөлөрүнө экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алганы жана бул багытта Кыргызстан үчүн Латвия Республикасынын транзиттик өлкө катары мааниси чоң экени баса белгиленди.

Өз кезегинде Латвиянын президенти Эгилс Левитис Кыргызстандын саясий системасындагы өзгөрүүлөргө 2010-жылдан бери дыкат байкоо салып келе жатканын айтып өттү. Ошондой эле Борбор Азиядагы парламенттик демократияны бекем карманган өлкө катары таанырын кошумчалады.

«Кесибим боюнча юрист болгондугумдан улам Кыргызстандын конституциясы менен жакшы таанышмын. Биз мыйзам үстөмдүгү менен демократиялык баалуулуктарга таянган окшош өлкөлөрбүз. Ал эми экономикалык жактан тыгыз байланыш курууга жана бул тармактагы кызматташуубузду жаңы деңгээлге чыгарууга ишеним чоң», - деди Эгилс Левитс.

Латвияга барган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев, Бакирдин Субанбеков жана Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрмек Ибраимов бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком