17:33, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Байкалбаган психикалык илдет...

На русском
09:37, 17 тогуздун айы 2019 (Жаңыланды: 18:02, тогуздун айы 19 2019) 1325

Баракелде -  Өлкөдө психикасы бузулган бейтапка карата коомчулуктун мамилеси мурункудай эле өтө начар жана стереотиптүү, дешет дарыгерлер. Бул илдетке байланыштуу маалыматтарды Асел Сооронбаева жана Назигүл Жусупова топтогон.

----------------------------------------------------

Жылдыз 39 жашта. Бир нече жыл мурун ал жолдошу менен эки башка жолго түшкөн. Бул өзгөрүүнү абдан оор кабыл алып, бирок балдары үчүн жашоосун улантууга аракеттенди. Бир аз убакыттан кийин өзүн колго алып, өз алдынча иш баштоону чечкен. Бирок анын ойлогону оңунан чыкпай, ишканасы чыгымга учурайт. Жылдыз ири суммадагы акчасынан да кол жууду. Көп өтпөй агасы каза болду. Бир тууганынын өлүмү Жылдызды такыр эле алсыратты. Тынчсыздануу, чарчоо, алсыздык менен көз жаш анын туруктуу жандоочуларына айланып, алардан арыла албай койду. Бир убакта деми кысылып, аба жутуу да кыйынчылык жаратып калган. Жылдызга буга чейинки өмүрү текке кетип, маанисиз өткөндөй сезиле баштады.

«Менин жашоом маанисин жоготкондой өңдөндү. Келечек күңүрт болуп калды. Өзүм менен өзүм болуп, айланадагылар менен ишим жок. Балдарым эмне ичип, мектепке эмне кийип барып жатканын да билбейм. Мен жаман эне экенимди да түшүнөм, бирок мага эми баары бир», - дейт ал.

Айланасындагылар Жылдыздын абалы жакшы эмес экенин көрсө да, аны өз көйгөйлөрүн өзү жеңет деп эсептеп келишти. «Өзүңдү колго ал», «Сен энесиң, балдарыңды кара, иште, баары өтөт» деп гана айтып жатышты.

Бирок көңүл чөктүргөн абал өз алдынча өтүп кеткен жок. Бул абалдан чыгуу үчүн кесипкөй адистин жардамы зарыл экенин Жылдыз жакшы түшүнүп жатты. Жакындарынын сынына кабылып, «оорулуу» атка коном деп коркконуна карабастан психотерапевтке кайрылган. Дарыгер ага депрессия диагнозун койду.

«Депрессия — бул алсыздык же начар мүнөздүн белгиси эмес. Жалкоолук да эмес. Бул дарылоого муктаж болгон олуттуу дарт», - деп билдирди дарыгер.

Кыргызстанда психикалык илдеттерге чалдыккан канча адам бар?

Депрессия — маанайдын чөгүшү жана жашоодо ырахаттануу жөндөмдүүлүгүн жоготуу белгилери бар психикалык жактан жабыркаган абал.

Кыргызстанда психикалык дарттардын кооптуу байкалууда. Статистикага көңүл бурсак, 2014-жылдан тарта психикалык илдеттер менен ооруган адамдардын саны жигердүү көбөйүп жатканы даана байкалат:


Чынында ооруга чалдыккан адамдардын саны мындан да көп. Себеби, жеке менчик клиникаларга кайрылган кардарлар расмий статистикада эсепке алынбай калат.

Жардамга муктаждардын басымдуу бөлүгү айланасындагы адамдардын сынынан жана кемсинтүүсүнөн корккондугу үчүн мамлекеттик жана жеке менчик ооруканалардын адистерине кайрылбай, дарты менен өз алдынча алышып келет. Алардын оюнда, маанайга көңүл буруп жана убакыт коротуунун кажети жок. Эртеби-кечпи абалы турукташа турганына ишенишет. Дал ушундан улам өлкөдөгү психикалык саламаттык боюнча толук маалымат алуу мүмкүн болбой жатат, дешет дарыгерлер.

Дүйнө жүзүндө адамдар психикалык саламаттыкка жасагандай бир дагы дартка карата кайдыгер мамиле кылбайт. Бул тууралуу Глобалдык психикалык саламаттык жана туруктуу өнүгүү боюнча комиссия маалымдаган.

Ар бир адам илдетке чалдыгышы ыктымал

Дарыгерлердин айтымында, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, жумуштан айрылуу, каржы маселеси, жакын адамдын өлүмү, оор илдеттер, травмалар жана жол кырсыктары стресс жана психоэмоционалдык басымдын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Мындан сырткары көпчүлүк учурда өз убагында диагноз коюлбай, төрөттөн кийин дарыланбай калган депрессия аныкталган учурлар арбын.

Психиканын бузулушуна биополярдык эффективдүү мүчүлүштүк, шизофрения, деменция, акыл-эстин өрчүшүнүн артта калышы менен өнүгүүнүн бузулушу өңдүү дарттар да кирет. Бирок депрессия дүйнөдөгү эң кеңири жайылган психикалык оору болуп эсептелет.

Бул илдеттин үч даражасы бар:

- Жеңил депрессия салыштырмалуу оңой дарыланып, бейтаптын ооруканага жаткырылышын талап кылбайт. Алар бейтапканалардын шартында же болбосо үйдө дарыланышат;

- Оор депрессияны бир нече ай бою стационарда (ооруканада) дарылоо зарыл;

- Илдеттин эң татаал даражасы анын өнөкөт дартка айланып кетиши болуп саналат.

Кыргызстанда 2018-жылы психикалык саламаттыкты коргоо боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Серепчилердин айтымында, ал абдан жакшы жазылып, түрдүү категориядагы жана түрдүү курактагы жарандардын кызыкчылыгын коргойт. Бирок программанын мыкты жазылышы анын толук ишке ашырылышын камсыздап бере албайт. Адистердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча программаны ишке ашырууга 242,9 млн сом талап кылынат. Ал эми мамлекет муктаж болгон сумманын үчтөн бир гана бөлүгүн 69,3 млн сомду бөлүп бере алат. Башкача айтканда, мамлекеттик программанын үчтөн бири гана аткарылып, калган экөө кагаз жүзүндө калат.

Гендердик өзгөчөлүктөр

Статистикадагы маалыматтарга ылайык, психикалык дарттар эркектерге салыштырмалуу аялдар арасында көп катталган. 2017-жылы республикалык психикалык саламаттык борборуна 4,5 миң эркек жана 5 миңдей аял кайрылган. Бирок бул сандар аялдар илдетке көбүрөөк чалдыгары тууралуу кабар бербестен, алардын дарыгерлерге жардам сурап кайрылган учуру көбүрөөк катталганы тууралуу маалымдайт.

Эркектер дарыгерден жардам суроонун ордуна стрессти алкоголдук ичимдиктердин жардамы менен жеңүүгө аракеттенет. Бул тууралуу Республикалык психикалык саламаттык борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов билдирди.

Статистика: Эркектер арасындагы аракечтик аялдардыкына салыштырмалуу 8 эсе жогору

Акыркы жылдары аракечтикке берилип, каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны азайганы байкалат. Демек, өлкөдө алкоголдук ичимдиктерге муктаж болгондордун саны азайды десек болобу?

Чынында 2015-жылдан тарта анонимдик негизде дарыланган жарандардын саны өскөндүгүн республикалык наркология борбору маалымдады. Анонимдүү дарыланган адамдар ооруканага дарылануу үчүн толук түрдө акы төлөйт, аларга эч кандай арзандатуулар, жеңилдиктер болбойт. Бул бейтаптардын аты-жөнү жашырылат жана алар расмий статистикага кошулбайт.


Кыргызстанда жыл сайын 500дөн ашык адам өз жанын кыят. Алар адистерге өз убагында кайрылса мүмкүн бул статистикага кирмек эмес.

Натыйжалуу чаралар

2012-жылдан тарта эл аралык донорлордун колдоосу менен аймактарда мультидисциплинардык командалар (МДК) иштеп башташты. Алардын курамына психиатрлар, психологдор жана патронаждык медайымдар кирген. Командалар бейтаптарга жардам көрсөтүп, илдетти баштапкы баскычта аныктоого өбөлгө түзүлдү.

2018-жылы «Социалдык өнүгүү институту» коомдук фонду изилдөө жүргүзүп, МДКларда дарылануунун бир курсу бейтаптын ооруканада дарыланганына караганда 42 эсе арзан боло турганын аныктаган. Ошол эле учурда ооруканада дарыгерлердин кароосунда болуу 40 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Изилдөө көрсөтүп тургандай, ооруканаларга бейтаптарды жаткыруу тажрыйбасынан акырындап арылуу мамлекетке 88 млн сом каражатты үнөмдөөгө көмөктөшкөн. Стационарларда бейтаптар аз убакыт өткөрүп, анын натыйжасында чыгашалар 230 млн сомго кыскарган.

2019-жылдын сентябрына чейин иштеп келген 11 МДК өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын январынан баштап аталган 8 бөлүм каржылоого кире турганын убадалады.

Жылдыздын дарты артта калды

Ал эми Жылдыздын окуясы эмне менен аяктады? Анын дарылануусу дээрлик үч айга созулган. Ал ортодо Жылдыз антидепрессанттарды ичип жүрдү. Азыр анын абалы жакшы. Жылдыз мурдагы жумушуна кайтып келди. Учурда ал бактылуу эне жана жашоону өзгөчө сүйгөн айым. Ал эми эртеден кечке дивандан жылбай, бир ордунда отурган, ачуусун балдарынан чыгарып, тынымсыз ыйлаган бактысыз, кыжырланган айым мурунку жашоодо калды.

Жылдыз кыйла убак өзүн жана жакындарын жөнү жок кыйнап келгенине абдан өкүнөт. Ал буга чейин дарыгерге кайрылбай, дарыланууну созгону үчүн өзүн-өзү жемелейт.

Эстен чыгарбаңыз: бейтап канчалык эрте дарыгерге жардам сурап кайрылса, дартты ошончолук эрте жеңсе болот.

Материалды даярдагандар: Асел Сооронбаева, Назигүл Жусупова.

Бул материал USAID каржылап, Internews ишке ашырып жаткан «Медиа-К» долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө Анастасия Валееванын менторлугу алдында даярдалды.

Авторлор менен редакциянын көз карашы дал келбеши мүмкүн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком