23:32, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери жолугушту

На русском
18:53, 15 тогуздун айы 2019 267
// Пресс-служба президента

Баракелде -  Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынынан кийин болду.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматы боюнча, лидерлердин сүйлөшүүсү ийгиликтүү болду.

«Президенттер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өзүңүздөр билгендей, былтыр Эрдоган мырзанын Кыргызстанга расмий иш сапары болуп, Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюндарына да катышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүдө эки мамлекеттин ортосундагы актуалдуу маселелер да талкууланды. Дагы кандай тармактарда ишти күчөтүү керектиги белгиленди. Өкмөттөр аралык комиссиянын да отуруму пландалууда. Бул жөнүндө да сөз болгон.

Көчмөндөр оюндары кийинки жылы Түркияда өтө турганын да президенттерибиз талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестиция тармагынан дагы кызматташтыкты күчөтөбүз деген сүйлөшүүлөр болду», - деди Д.Сыдыков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком