07:56, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынында кандай документтерге кол коюлду?

На русском
17:06, 15 тогуздун айы 2019 85

Баракелде -  Бүгүн, 15-октябрда Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги VII жыйыны өттү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча аталган кеңештин мамлекет башчылары тарабынан (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан) бир катар документтерге кол коюлду.

Тизме:

1. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетин түзүү жөнүндө чечими;

2. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү жөнүндө чечими;

3. Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө чечими;

4. Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө чечими;

5. Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары менен Түрк маданияты жана мурасы фондусунун президентин дайындоо жөнүндө чечим.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Венгриядагы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин өкүлчүлүгүнө байланыштуу макулдашууга кол коюлду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком