23:34, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев жолугушту

На русскомEnglish
19:11, 14 тогуздун айы 2019 146

Баракелде -  Бүгүн, 14-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жолугушту. Алардын жолугушуусу Азербайжандын Баку шаарында болгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Кыргызстандын делегациясы Баку шаарына учуп жеткенде Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто өттү. Анда Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышты.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланганы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланганына балйаныштуу куттуктады. Орденди тапшыруу аземи эртең, 15-октябрда болот.

«Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди», - деп айтылат өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Президенттер 15-октябрда өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VII жыйынына чогулуп жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком