03:11, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Юстиция министрлиги 2 юридикалык тарапты онлайн режимде каттады

На русском
17:55, 12 тогуздун айы 2019 95

Баракелде -  Учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында юридикалык жактарды онлайн каттоону киргизүү иштери жүрүп жатат. Өкмөттүн «Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде Юстиция министрлиги 2 юридикалык тарапты онлайн режимде каттоодон өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулганын каттоо» долбоорун ишке ашыруу 2 этапка бөлүнгөн.

Биринчиси — «Юридикалык жактарды онлайн каттоо». Экинчиси — «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулганын каттоо».

«Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жактарды онлайн каттоо системасынын иштеши жана юридикалык жактарды каттоонун мөөнөтүнүн кыскарышы биринчи этапта күтүлүп жаткан жыйынтык болуп эсептелет.

Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо системасын түзүү жана өнүктүрүү концепциясы» бекитилген жана электрондук форматта юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун укуктук негизи, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо каралган.

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору иштелип чыкты», - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Ошондой эле «Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасы» жана «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалымат базасы «Түндүк» системасына кошулду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком