10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президенттердин Ашхабаддагы жолугушуусунан фоторепортаж

11:28, 12 тогуздун айы 2019 58

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышты.

Аталган жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтүп, анын жыйынтыктары боюнча Шериктештикке кирген мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле жыйындын алкагында С.Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ушул эле күнү кечинде өлкө башчы Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком