08:13, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында коло тагынды

На русском
21:47, 11 тогуздун айы 2019 166

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Канат Шабданбаев грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Учурда турнир Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Шабданбаев 35-39 жаштагылар арасында 70 килограмм салмакта күч сынады. Анын биринчи мелдеши ийгиликтүү болду, бирок жарым финалда атаандашынан утулуп калган. Ал эми медаль үчүн күрөштө Швециянын өкүлүн жеңип, 3-орунга жазылды. Жыйынтыгында коло медалдын ээси болду.

Мындан сырткары Улукбек Карачолоков 78 килограммга чейининкилер арасында күч сынаган. Ал дагы биринчи беттешинде жеңишке жетип, экинчи беттештте грузиялык балбандан утулган. Медалга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган жок. Канат Шабданбаев

------------------------------------------

Буга чейин аталган чемпионатта Бердигул Караев 55-59 жаштагылар арасында (88 кг) күч сынаган. Ал Венгриянын жана Ирандын спортчулары менен беттешип, жеңишке жеткен. Ал эми финалда Германиянын өкүлүнөн утулуп калды. Жыйынтыгында Караев 2-орунга жазылып, күмүш медалдын ээси болгон болчу. Бердикул Караев

------------------------------------------

Ошондой дүйнө чемпионатында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (77 кг чейин) 40-44 жаштагылар арасында күч сынады. Ал 3-орунга жазылып, коло медалдын ээси болду.

А категориясы

70 килограммага чейин

1/4 финал

Геворг Тоноян (Россия) — Канат Шабданбаев — 1:5

1/2 финал

Канат Шабданбаев — Мамука Хемшиашвили (Грузия) — 1:2

Коло медаль үчүн күрөш

Канат Шабданбаев — Ларс Деннис Брэндстром (Швеция) — 10:0

78 килограммага чейин

1/8 финал

Улукбек Карачолоков — Алексей Аббиасов (Россия) — 11:3

1/4 финал

Улукбек Карачолоков — Александр Табатадзе (Грузия) — 2:5

В категориясы

62 килограммага чейин

8-орун — Исломидин Умурзакова

70 килограммага чейин

3-орун— Тазабек Икрамов

88 килограммага чейин

9-орун — Марат Сырдыбаев

Е категориясы

88 килограммага чейин

2-орун — Бердикул Караев

14-орун— Оңолбек Асанов

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком