02:56, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Куба өлкөсүнө президент 43 жылдан кийин шайланды

На русском
15:21, 11 тогуздун айы 2019 75
Мигель Диас-Канель
Мигель Диас-Канель

Баракелде -  Куба өлкөсүнүн Улуттук ассамблеясы Мигель Диас-Канелди өлкөнүн президенти кылып шайлады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн парламентинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

17 адам Кубанын президенттик кызматына талапкерлигин коюшкан. Диас-Канелге 605 депутаттын ичинен 579 депутат добуш беришкенин Кубанын борбордук комиссиясынын расмий гезити жазган.

1976-жылы Кубада президенттик кызмат жоюлган. Мамлекеттик кеңештин төрагасы өлкөнүн башчысы болгон. Президенттик кызматтын орду өлкө жаңы конституцияны кабыл алгандан кийин калыбына келтирилген. Президентти парламент 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Диас-Канель Кубаны мамлекеттик кеңештин төрагасы катары 2018-жылдын апрель айынан тарта башкарып келген. Кубанын жаңы конституциясы 2019-жылдын февраль айында өткөн референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган. Аны кубалыктардын 73 пайызы колдогон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком