23:30, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Өзбекстанда бир «КамАЗ» түшүмдүн акчасын уурдаган эки адамды айылдыктар жазалашты

На русском
11:40, 11 тогуздун айы 2019 824

Баракелде -  Октябрь айынын башында Өзбекстандын Фергана облусунун Бешкапа айылында акча уурдап кармалган эки адамды айыл тургундары жазалашты. Бул окуяны бир нече булактар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери тастыктаганын «centralasian.org» басылмасы билдирди.

Кармалган эки адамды жазалап жаткан учур видеого тартылган. Окуянын күбөсү билдиргендей, уурулук кылган эки адам алма бакчадан кармалышкан.

«Дангарада Бешкапа деген айыл бар. Мен кошуна жашайм. Эки адам алма бак жактан кармалышты. Алар айылдын жашоочуларынын биринин үйүнө киришкен. Үйдүн ээси аларды байкап калып, ызы-чуу чыгарган. Уурулар акчаны жуурканга ороп качып жөнөшкөн. Көп убакыт өтпөй адамдардын тобу чогулуп, ууруларды артынан кубалашты. Алар Алмазар айылында кармалды. Ачууланган айыл тургундары аларды ошол жерден жазалашты», - деди күбө.

Аталган окуя тартылган видеонун биринде адамдардын тобу эки кишинин мойнуна аркан байлап алганын көрүүгө болот. Ал эми башка видеодо тургундардын бири кармалгандарды эшекке арты менен отургузуп көчөгө бастырыш керек экенин айткан. Чогулган топтун арасында урбагыла деген үндү дагы угууга болот.

Экинчи видеодо кармалган адамдардын биринин соккудан улам шишип кеткен бетине суу чачып, аны эсине келтирип жаткан адамдар тартылган. Милиция уурулукка шектүүлөрдү кармаганын билдирди. Бирок аларды аёосуз сабап жазалаган адамдарга кандай чара колдонулары белгисиз.

Бул окуя Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (денеге атайын залал келтирүү) жана 110-беренеси (кыйноо) боюнча катталышы мүмкүн.

Фергана облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы аталган окуяга тергөө жүргүзүлгөндөн кийин комментарий берилерин айтты.

«64 жаштагы фермер бир “КамАз“ түшүмүн сатып, акча чогулткан. Бул экөө фермердин үйүнө чатыр аркылуу кирип, акчасын уурдап кетишкен. Алар качып бара жатканда айылдыктар кармап алып сабашкан», - деди Дангара районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком