23:31, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түркмөн президенти күйөө баласын башкы консул кылып дайындады

На русскомEnglish
09:56, 1 тогуздун айы 2019 121

Баракелде -  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ыхласгелди Амановду Дубайдагы (Бириккен Араб Эмираттары) башкы консул кызматына дайындады. Аталган шаарда башкы консулдукту ачуу тууралуу токтомго өлкө башчы 30-августта кол койгон.

Басылмалардын маалыматы боюнча, Ыхласгелди Аманов 1983-жылы Ашхабадда төрөлгөн. Ал 2004-жылы президенттин кичүү кызы Гүлжаханга үйлөнгөн. Бердымухамедов президент болгондон кийин балдарын үй-бүлөлөрү менен чет өлкөгө жөнөткөн.

Ал эми Аманов 2007-жылы Түркмөнстандын Германиядагы элчилигинде биринчи катчы болсо, 2008-жылы Лондонго көчүп барып, Түркмөнстандын президентине караштуу агенттиктин филиалын ачуу менен алектенген. Ал 2011-жылдан тарта Брюсселде жашап, 2015-2018-жылдары Бельгия жана Люксембургдагы элчинин кеңешчиси болгон. 2018-жылдан баштап Түркмөнстандын Улуу Британиядагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштеп жаткан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком