03:12, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан Камерун жана Мозамбик менен дипломатиялык мамиле түздү

На русскомEnglish
09:55, 30 аяк оона 2019 70

Баракелде -  Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йорк шаарында Камерун Республикасынын тышкы иштер министри Мбелла-Мбелла, Мозамбик Республикасынын тышкы иштер жана кызматташуу министри Жозе Кондугуа Пашеку менен жолугушту.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Камерун Республикасынын ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мозамбик Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникелерге кол коюлду.

«Биргелешкен коммюникенин текстинде тараптар БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун, тактап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоо жана бекемдөө, мамлекеттердин улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын тийиштүү түрдө урматтоо, эл аралык келишимдерди сактоо, мамлекеттин ички иштерине кийгилишпөө принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.

Кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосунда, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком