09:34, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
09:23, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202014 Араванда жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө көмүр таратылды
09:09, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202010 Абанын күндүзгү температурасы
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020626 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (36 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
08:39, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (8 адам окуп жатат)
Тагдыр: 4 баланын энесин аман алып калуу үчүн агасы донор болууга даяр. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (6 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Эки адамды атып өлтүргөн Сергей 2 айдан бери табыла элек

На русскомEnglish
12:40, Аяк оона айынын жыйырма беши, 2019 200
Шектүү Сергей Смирновю подкормку для диких животных
Шектүү Сергей Смирновю подкормку для диких животных

Баракелде -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды атып өлтүрүүгө шектелген Сергей Смирновду издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда АКИpress агенттигине Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

С.Смирнов кылмыш жасагандан кийин Эңилчек тоолору тарапка качып кеткен.

Окуя 4-июлда таң эрте «Хан-Теңири» альпинисттик лагеринде болгон. Кароолчу Сергей лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган Дөөлөт Азимкуловду жана лагердин кызматкери Каримди атып өлтүргөндөн кийин аял кишини барымтага алып, качып кеткен. Кийинки күнү эртең менен шектүү барымтага алган аялды кое берип, бирок өзү тирүү кармалбай турганын айткан.

Сергей Смирнов 28 жашта. Түп районунда төрөлүп, балдар үйүндө чоңойгон. Ал ушул жылдын март айында кароолчу катары жумушка алынган. Сергей аймакты жакшы билет, буга чейин туристтик фирмаларда гид болуп иштеген.

Аны жумушка Дөөлөт Азимкулов алган. Д.Азимкулов Сергейдин социалдык жана материалдык абалын, тажрыйбасын эске алып, компаниянын лагерин кайтарууну сунуштаган.

Лагерь «Тур Хан-Теңири» компаниясына таандык. Ал Эңилчектин жээгинде Майда-Адыр чек ара заставасынан 20 чакырым, Каракол шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Лагерь бир нече жылдан бери иштеп, туристтер, альпинисттер жана мергенчилерди кабыл алат. Сезондо бир нече адам иштейт.

Лагердин жанында чабандын үйү жайгашкан. Ал жерде Улукбек үй-бүлөсү менен чогуу мал багат. Күбөлөрдүн айтымында, Сергей спирт ичимдигин көп ичет. Ал чабандын үй-бүлөсүнөн арак сурап барганда ага беришкен эмес.

4-июлда таң эрте лагердин кызматкерлери жана чабандын үй-бүлөсү эртең мененки тамакты ичүү үчүн чогулушкан. Бул учурда Сергей Дөөлөткө таандык «Вепрь» үлгүсүндөгү курал менен кирип барган. Ал куралды сейфтен кантип алып чыкканы белгисиз.

Ал Улукка курал такап коркуткан. Улук кыйкырып, куралды алуу керектигин айткан. Диванда жаткан Дөөлөт ордунан туруп, кыйкырып жиберген. Дөөлөт — ИИМдин ардагери. Сергей куралды Дөөлөт тарапка багыттап, 3 жолу ок чыгарган. Карим Сергейден куралды алууга аракет жасаганда анын ичине ок тийген.

Улук Сергейдин колунан кармоого жетишип, куралды алган. Бирок Сергей бычак алып, Улуктун колуна тийген. Ал жубайын жана балдарын алып, лагерь тарапка качып кеткен. Октун үнүн лагерге жакын жайгашкан станциянын кызматкери Ирина угуп келип, окуяга күбө болгон. Сергей аны жанына алып, ат менен качып кеткен.

Окуядан кийин Дөөлөт окуя болгон жерде каза болсо, Карим оор жаракат алган. Аны унаа менен чек ара заставасына алып барууну чечишкен. Бирок Карим ал жерге жетпей көз жумган.

Саат 12:20да чек арачылар окуя тууралуу милицияга билдиришкен.

5-июлда таң эрте Сергей барымтага алган Иринаны бошоткон болчу. Сергей аймакты жакшы билгендиктен жашынып калган же Эңгилчек дарыясынан өтүп, Сары-Жаз тарапка барып, андан кийин Казакстан же Кытайдын чек арасынан өтүп кеткен болушу мүмкүн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком