07:56, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Премьер-министр М.Абылгазиев Финляндияга барат

На русскомEnglish
14:54, 24 аяк оона 2019 124

Баракелде -  Кечээ, 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында Чыңгыз Айдарбеков Финляндия Республикасынын өнүгүү жана тышкы соода министри Вилле Скиннери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер эки тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде Кыргызстандын премьер-министринин Финляндияга боло турган иш сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ч.Айдарбеков парламенттер аралык байланыштар, тоо-кен иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуу булактары, «жашыл экономика» жана башка багыттарда өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына басым жасады.

«Ал тажрыйба жана технологиялар менен алмашуу боюнча кыргыз өнөктөштөр менен Финляндиянын алдыңкы компанияларынын ортосундагы ар кандай тармактардагы байланыштарды өнүктүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды колдонуу, ошондой эле эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну улантууну макулдашты», - деп айтылат маалыматта.

Министр Ч.Айдарбеков Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 74-сессиясына катышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком