17:32, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Эң акылдуу юрист эмес белең»: Экс-мэрлердин сотундагы ызы-чуу

На русском
11:21, 20 аяк оона 2019 349
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов

Баракелде -  Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумунун жүрүшүндө Нуралы Досалиев күбө катары К.Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

Күбө Досалиев Бишкек мэриясынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген. Ошондой эле мектептин курулушу боюнча сынак өткөрүүдө укуктук колдоо көрсөткөн юрист болгон. Ал айыпталуучулар Кулматов менен Сталбек Өмүркановдун (коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы) тактоочу суроолоруна жооп бере алган жок. Анын жообуна залда отургандар жана айыпталуучулар канааттанган жок.

«Сен эң акылдуу юрист эмес белең, Казань университетин бүтүргөнсүң», - деди күбөгө Өмүрканов.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларга жана алардын тарапташтарына эскертүү берүүнү суранды. Анын айтымында, алар күбөгө басым жасап жатышат. Ал тарапташтарды залдан чыгарууну сурады.

Судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын тарапташтарынын бирин залдан чыгарууну талап кылды.

Жактоочу Сергей Слесарев прокурорго буга чейин айыптоочу тарап башка күбөлөргө басым жасап, анда судья эскертүү бербегенин айтты.

Өз кезегинде Кулматов ал сүйлөп жатканда мамлекеттик айыптоочулар сөзүн бөлгөндө судья эмне үчүн эскертүү бербегенин сурады. «Эгер биздин оозубузду жаап жатышса, анда мен дагы чыгам. Ачкыла», - деди ал.

Судья кайрадан тарапташтардын бирин залдан чыгарууну талап кылды. Ал залда адамдар көп болгондуктан чыга албай турганын айтып, сот процессине комментарий бербөөнү убадалады. Судья түшкү тыныгуудан кийин аталган тарапташты залга киргизбөөнү тапшырды.

Прокурор тыныгуу сураганына карабай отурум улантылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком