02:56, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:49, жетинин айы 18 2019 (7 адам окуп жатат)
Оштогу унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду
11:04, жетинин айы 17 2019 (7 адам окуп жатат)
Алайдын 44 жаштагы тургуну изделип жатат

Чек арадагы чыр: Окуя болгон жерден кайсы куралдардын огу табылды?

На русском
17:22, 18 аяк оона 2019 222

Баракелде -  Башкы прокуратура кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуу боюнча маалымат берди.

Көзөмөл органынын басма сөз кызматы Аскер прокуратурасына шилтеме берип билдиргендей, 16-сентябрда Тажикстандын жарандары Баткендеги Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылы менен Тажикстандын Б.Гафуров районунун Овчакалача айылынын ортосунда жайгашкан футбол талаасынын түндүк-чыгышында (такталбаган тилке) курулуш иштерин баштаган.

«Курулуш жүрүп жаткан аймакка Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Бирок Тажикстандын жарандары талаптарга баш ийбей, курулуш иштерин улантышкан», - деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү саат 19:20 чамасында аталган тилкеде тажик жарандарына жооп катары Кыргызстандын жарандары да контейнер орнотуп башташкан. Саат 19:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуу болуп, тажикстандык чек арачылар биринчи ок чыгарган. Ушул эле мезгилде Тажикстандын аймагынан жөнөкөй жарандар жашаган Максат айылы тарапка бир нече жолу миномёт жана башка куралдардан ок атылган. Андан кийин аталган куралдан "Максат" чек ара постундагы секиге ок чыгарылып, анын кесепетинен секи бузулган. Тажикстандык аскерлер Максат айылындагы мектепке жана жашоочулардын үйлөрүнө ок атышкан.

Ок атышуунун кесепетинен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери каза болуп, 7 аскер кызматкери ар кандай жаракат алышкан. Мындан тышкары Максат айылындагы 6 тургун октон жабыркаган. Окуя болгон жерге дароо Лейлек РИИБдин ыкчам тобу жана Баткен гарнизонунун аскер прокурору барган.

16-сентябрда Лейлек РИИБ аскер кызматкеринин өлүмүн Жазык кодексиндеги 130-берененин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

17-сентябрда Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы үйлөргө, мектепке, чек ара постуна ок чыгаруу фактын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 39-130-берене (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча каттап, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

«Алдыдагы тергөө иш-аракеттерин эске алуу менен сотко чейинки өндүрүштү ыкчам жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн башкы прокурордун биринчи орун басарынын 17-сентябрдагы токтому менен ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Анын курамында Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын, Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин тажрыбайлуу тергөөчүлөрү бар», - деп айтылат маалыматта.

Тергөө тобу "Максат" чек ара посту, мектеп, ошондой эле үйлөргө кароо жүргүзүп, анын алкагында далил буюмдар — минанын октору жана октун бөлүктөрү табылды. Булар миномёт жана гранатомёттун огу болушу мүмкүн. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Октон жаракат алгандарга жана каза болгон аскер кызматкерине да соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком