19:55, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыздоо пландалган

15:52, 18 аяк оона 2019 76

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана ичүүчү Суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөнүн ирригациялык системалар түйүнүн, суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу маселелери экенин өзгөчө белгиледи. 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча тапшырма коюлганын эске салды. 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашырууда чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдыкты жогорулатуу үчүн бирдиктүү орган — Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлгөнүн айтты. Анын алдында мамлекеттин суу саясатын жакшыртуу боюнча милдет турганын билдирди. Бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды активдештирип, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфраструктуралык долбоорлордун алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгы белгиленди. Буга керектелген 1,9 млрд сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке каралат, калган бөлүгү эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен тартылмакчы.

Ал эми Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 объект аныкталганын айтып өттү. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Мамлекеттик бюджеттин жүктөмүн азайтуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Калган объектилер боюнча потенциалдуу инвесторлор менен маселелерди кайрадан иштеп чыгуу үчүн документтердин долбоордук сметасы даяр», - деди Көкүмбек Таштаналиев.

Көкүмбек Таштаналиев белгилегендей, ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болорун кошумчалады.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичүүчү Суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө өлкө аймактары боюнча таза суу долбоорлорун ишке ашырууга донорлордон тартылган каражаттар бөлүштүрүлүп жаткандыгын айтты.

«2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү экенин, анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат», - деди Аскарбек Токтошев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком