19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык футболчу Малайзияда биринчи голун киргизди

На русском
21:14, 17 аяк оона 2019 65

Баракелде -  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны Эдгар Бернхардт Малайзиядагы биринчи голун киргизди.

Малайзия кубогу чемпионатынын 5-туру өтүп жатат. Анда кыргызстандык футболчунун «Кедах» командасы «Теренггану»» клубуна каршы беттешип, оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Оюнда «Кедах» командасы жеңишке жеткен.

Бернхардт оюн талаасына негизги курамда чыгып, 37-мүнөттө Малайзиядагы дебюттук голун киргизүүгө жетишти. Ал эми бул жеңиштен кийин «Кедах» курама командасы 1-орунга чыгып, чейрек финалдан өзүнө орун камсыздап койду.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком