08:50, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант беришти

На русском
15:40, 16 аяк оона 2019 144
Саадабаева Чынара Муратбековна
Саадабаева Чынара Муратбековна

Баракелде -  Бүгүн, 16-сентябрда Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин 2019-жылдын 11-сентябрдагы жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

- Жайыл райондук сотуна Саадабаева Чынара Муратбековна менен Усакпаева Гүлзат Каныбековна;

- Москва райондук сотуна Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

- Панфилов райондук сотуна Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

- Сокулук райондук сотуна Кулмурзаев Манасбек Каримович менен Самаков Нурмат Талантбекович;

- Токмок шаардык сотуна Абдырахманов Урматбек Аманович;

- Чүй райондук сотуна Шаршеева Алтынай Чубаковна;

- Ысык-Ата райондук сотуна Тажибаев Нурбек Рашидович жиберилди.

«Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды», - деп айтылат маалыматта.



Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком