19:08, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020701 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202049 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
Учурда окулуп жатат
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (72 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (51 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
14:47, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (26 адам окуп жатат)
Оштогу кримчөйрөнүн өкүлдөрү
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (16 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сотто экс-вице-мэр Б.Дүйшөмбиев суралды

На русском
11:08, Аяк оона айынын он алтысы, 2019 183
Дүйшөмбиев Бакытбек Осмонович
Дүйшөмбиев Бакытбек Осмонович

Баракелде -  Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумунун жүрүшүндө «Бишкек суу канал» ишканасынын башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев К.Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган. Тергөө ал аталган каражатты өкмөттүн карамагынан мэриянын карамагына өткөрүп, сынак өткөрбөй «Альто Групп» ЖЧКнын жетекчилиги менен келишим түзүп, муну менен катар кытайлык компаниядан 1 млн долларды аталган компаниянын эсебине котортууга жетишкен деп эсептейт.

2010-жылдын апрель айынан баштап 2019-жылдын февраль айына чейин Дүйшөмбиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген. Анын көрсөтмөсү боюнча, мектептин курулуш иштери процессине кийинчерээк кошулган.

«Буга чейин суракта Калыс-Ордо конушуна мектеп куруу зарылчылыгы болгонун белгилегем. Конуштагы жашоочулар бир нече жолу мектеп курууну суранышкан», - деди ал.

Ал мамлекеттик айыптоочунун суроосуна жооп берип жатып мектептин курулушуна 2 млн доллар бөлүнгөнүн билбегенин айтты.

«TBEA компаниясынан каражат бөлүнгөнүн билем. Акча кандай жагдайда бөлүнгөнү мага белгисиз», - деди ал.

Прокурор: «Сиз "Альто Групп" ЖЧКнын өкүлдөрүн тааныйсызбы?», - деп сурады.

Б.Дүйшөмбиев тааныбай турганын айтты. Анын айтымында, аталган курулуш компания менен түзүлгөн келишим эмне үчүн бузулганын билбейт.

Жактоочу Өмүр Мамыров: «Айтыңызчы, Калыс-Ордого мектеп куруу зарылчылыгы бар беле?», - деп сурады.

«Абдан зарыл болчу. Буга чейин балдар ижарага алынган имаратта окучу», - деди күбө.

«Бул жерде отургандарды бааны көтөргөн деп айыптап жатышат. Айтсаңыз, бул мектепти 2 миллионго курууга мүмкүн эмес беле?», - деп тактады жактоочу.

Күбө бул суммага жеңил конструкциялардан мектеп курууга болорун айтты.

«Кытай берген каражат жетишсиз болуп, бюджеттен кошумча акча бөлүүгө туура келди», - деди ал.

Ал эми Ибраимов күбөдөн эмненин негизинде кошумча 104 млн сом бөлүү боюнча буйрукка кол койгонун сурады.

«Мени ушул буйрук үчүн күнөөлөп жатышат. Мэр тармакты башкарган вице-мэр жана кызматтардын кызматтык кат, маалым каттарынын негизинде бардык чечимдерди кабыл алат. Сиз ушундай катка кол койдуңуз беле?», - деп сурады ал.

Дүйшөмбиев кошумча акча бөлүү зарылдыгы тууралуу кат болгонун тастыктап: «Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы негиздеме жана чыгашаларды көрсөткөн», - деди.

Ибраимовдун айтымында, кошумча акча бөлүү тууралуу сөз болсо, мыйзам боюнча тендер өткөрбөй койсо болот.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы — айыпталуучу Өмүрканов башкармалык бул маселе боюнча эки жолу Сатып алуулар департаментине кайрылганын кошумчалады.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Alto Group («Альто Групп») ЖЧКнын түзүүчүсү — Игембердиева Айнура Самибековна, жетекчиси — Бечелов Нурлан Тажибаевич. Компания 2017-жылы 13-мартта каттоодон өткөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком