17:34, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги жол кырсыктан жүргүнчү аял каза болду (сүрөт, видео)

На русском
12:47, 14 аяк оона 2019 1390
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Күбөлөрдүн айтымында, 1 адам көз жумуп, 3 адам оор жаракат алган.

Социалдык түйүндүн колдонуучусу Болот Ибрагимов Жибек жолу менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде оодарылган унаанын сүрөттөрүн жарыялады.

Кийинчерээк ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, жол кырсык бүгүн, 14-сентябрда саат 06:00 чамасында болгон. Э.Н. аттуу айдоочунун башкаруусундагы «Лексус» үлгүсүндөгү унаа Жибек жолу проспектиси менен чыгыш тарапка бара жатып, Орозбеков көчөсүнүн кесилишинен «Тойота Виш» унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота» унаасынын жүргүнчүсү (аял киши) окуя болгон жерден каза болгон. Экинчи унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди. Унаалар айып короого киргизилип, топтолгон материалдар ШИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.


Авария (1)

Авария

Посмотреть эту публикацию в Instagram

В столице произошло очередное ДТП. 1 погиб, 3 в тяжелом. Жибек-Жолу/Орозбекова.

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)13 Сен 2019 в 7:05 PDT

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком