22:15, 18-апрель, 2024

Сүрөт: Депутат Осмонбек Артыкбаев сот отурумуна майып араба менен келди

На русскомEnglish
14:29, 13-сентябрь, 2019 10389

АКИpress -  Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумуна камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев күбө катары чакырылып, К.Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

О.Артыкбаевди отурумга майып араба менен алып келишти.

Артыкбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция иши боюнча камалган. Ал 2018-жылы 7-июнда кармалган болчу.

Бүгүнкү отурумда «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев (учурда камакта) да күбө катары сурак берди.

Авторизация / Регистрация

выш выбор: бир жыл (3500 сом)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком