02:55, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:49, жетинин айы 18 2019 (6 адам окуп жатат)
Оштогу унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду
11:04, жетинин айы 17 2019 (6 адам окуп жатат)
Алайдын 44 жаштагы тургуну изделип жатат
09:46, жетинин айы 18 2019 (1 адам окуп жатат)
Ошто асынып алган сержант 22 жашта болчу

Кыргызстан менен Өзбекстан жер тилкелерин алмашты. Өкмөт эмне дейт?

На русском
17:49, 12 аяк оона 2019 1049

Баракелде -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу жана Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдамасы:

Керкидон суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидон суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер).

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге Керкидон суу сактагычы жана Полигон тилкелери жазылган жана кошулган.

Араван районунун аймагындагы Полигон тилкесинин сызыгы 2001-2002-жылдардагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош—Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түздү.

----------------------------------

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы Кыргызстан менен Өзбекстан чек арага жакын жер тилкелери менен алмашканы тууралуу билдирген.

Анын айтымында, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Керкидан суу сактагычынын аймагындагы Кыргызстандын 407 гектар жери Өзбекстандын Араван районунун Гүлбаар айылы менен чектешкен жерине алмаштырылган.

«Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү. Анын маалыматына караганда, эки тарап алмашкан жер тилкелери бирдей көлөмдө. Биз 407 гектар жерди берсек, өзбек тарап да бизге ошончо жер берген», - деген Н.Кадырбек кызы.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком