20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги канжалаган мушташ: Мурунку милиционер — шектүүлөрдүн агасы кармалды

На русском
17:54, 11 аяк оона 2019 1415
Кадр из видео
Кадр из видео

Баракелде -  Кечээ, 10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев кармалды. Ал — эки жаранды катуу сабаган шектүүлөрдүн бир тууганы.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиев катуу токмоктолгон. Окуя болгон жерге барган К.Бапышов Бишкек ШИИБдин милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы менен сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

«Бул окуя Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-берененин 1-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) боюча катталып, тергөө иштери УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 6-сентябрда Бишкек ШИИБдин милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

--------------------------------------------------------------------

Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.

Шектүүлөр

Подозреваемые

--------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча милициянын майору кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылды. Бул тууралуу 4-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Министрликтин маалыматына караганда, милиция аталган мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Мушташтын кесепетинен бир адам комага түшсө, дагы бир адам оор абалда ооруканада жатат.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Ленин РИИБдин 2-бөлүмүнүн тергөөчүсү А.К., РИИБдин 2-бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы Б.А. ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн Ленин РИИБдин 2-бөлүмүнүн нөөмөтчү инспектору Ж.у.Т. жана жардамчысы Б.К.га катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары шектүүлөрдүн биринин бир тууганы — Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын улук кызматкери Б.К.га карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын иш-аракети кылмышты жашыруу же кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп табылды. Милициянын майору Б.К. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулду.

Милициянын майору Б.К. боюнча материалдар Жазык кодексиндеги 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-берененин (кылмышты жаап-жашыруу) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком