19:55, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дүйнөлүк чемпионат: Кыргызстандык боксчулар акыркы 6 жылда алгачкы жолу жеңишке жетти

На русском
11:45, 11 аяк оона 2019 122
// ASBC

Баракелде -  Кыргызстандык боксчулар чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионатта акыркы 6 жылда алгачкы жолу жеңишке жетти. Кечээ, 10-сентябрда Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасынын капитаны Эркин Адылбек уулу Ирландиянын спортчусун жеңип, кийинки раундга чыкты.

2013-жылы Казакстандын Алмата шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык боксчу жеңишке жеткен. Ошол эле жылдын 21-октябрында 1/8 финалдык беттеште Эрмек Сакенов тажикстандык боксчу Шавкатжон Рахимовду 3:0 эсебинде жеңген. Э.Сакенов финалга чейин жетип, 5-орунга жазылган.

2015-жылы Катарда өткөн лицензиялык дүйнөлүк чемпионатка эки кыргызстандык спортчу — Азат Үсөналиев менен Эркин Адылбек уулу барган. Бирок экөө тең утулган.

2017-жылы Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан Нурлан Кобашев барып, египеттик спортчудан жеңилип калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком