18:37, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

23 жаштагы жигит бишкектик аялдан 107 миң доллар алдап алып, качып жүргөн

На русском
18:10, 10 аяк оона 2019 256
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жигит кармалды. Ал борбордун жашоочусунан акча алдап алып, качып кеткенин ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 2-августта Октябрь РИИБге Х.М. аттуу жашоочу (аял киши) арыз менен кайрылган. Анын айтымында, А.Н. аттуу жигит 2017-жылы декабрь айында жүк ташыган унаа алып келип берүүнү убадалап, 24,5 миң доллар алган. Ушул эле жылы шектүү бизнес ачып берем деп 55 миң доллар алып, качып кеткен.

«Жабырлануучу А.Н.га карата дагы бир арыз жазган. Анын айтымында, шектүү ишенимине кирип, 2019-жылы 16-апрелде 27 миң 604 доллар алдап алган. Бул факттар Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1996-жылы туулган А.Н. кармалды. Ал Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн жабыркагандар 0 (550) 10-25-58, 0 (702) 07-12-65 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком