16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Республика—Ата Журт» фракциясынын лидери алмаштыбы?

На русскомEnglish
16:37, 10 аяк оона 2019 384
Жыргалбек Турускулов, Мирлан Жээнчороев
Жыргалбек Турускулов, Мирлан Жээнчороев

Баракелде -  Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Республика—Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери алмашканы тууралуу маалымат тарады. Фракциянын айрым депутаттары бул тууралуу билбей турганын айтышты.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, депутат Мирлан Жээнчороев фракцияга лидер болушу мүмкүн.

Ал эми М.Жээнчороев өзү лидерди алмаштыруу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтып: «Регламент боюнча 28 депутаттын баарында аталган кызматка талапкер болуу укугу бар. Өткөндө ротация аркылуу алмашуу болгон. Бүгүн фракциянын отуруму өткөн жок. Күн тартибинде да мындай маселе каралган эмес», - деп билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев фракциянын лидери алмаша турганы тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Депутат Руслан Казакбаев: «Мунун баарын жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудум. Фракциянын отуруму өтө элек жана күн тартибинен да мындай маселе көргөн жокмун. Балким бул маселе башка чөйрөдө талкуулангандыр. Бирок бул тууралуу билбейм», - деди.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев мындай маалыматты укпаганын айтты.

Депутат Курманкул Зулушев да бул маселе боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Учурда «Республика—Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком