18:37, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте эркек кишинин денеси табылды. Милиция өздүгүн тактоого жардам сурайт (сүрөттөн абайлаңыз)

На русском
16:36, 10 аяк оона 2019 167
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  8-июнда болжол менен саат 08:30 чамасында Бишкектеги Рыскулов менен Чимкент көчөлөрүнүн кесилишинде 35-40 жаштардагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылган. Анын денесинде күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери болгон эмес. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилери: бою 170-175 см, орто бойлуу, чачы кара, бети тоголок.

Кийимдери: көк түстөгү футболка, боз майка, көк жинсы шым, агыш түстөгү ич кийим, ак байпак жана күрөң бут кийим.

Өзгөчө белгилери: үстүңкү жаагынын оң тарабындагы 1-3-4-тиштери өзүнүкү, 2-тиши сары металлдан жасалган, калган тиштери өзүнүкү. Алдыңкы жаагынын оң тарабындагы 1-2-3-тиши сары металлдан жасалган, 4-5-6-тиши өзүнүкү, сол тарабындагы 1-2-тиши ак металлдан жасалган, 4-5-тиши өзүнүкү, калган тиштери жок.

Милиция маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт. Ал тууралуу маалымат билгендер (0705) 45-05-53, (0553) 10-24-65, (0312) 35-26-05 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу кабарласа болот.

фото

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком