16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

4 жигиттин өмүрүн алган кырсык: Жеңил унаадагы кыздын абалы кандай?

На русском
15:53, 10 аяк оона 2019 6595
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги 4 өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыктан жабыркаган кыз жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

«Бейтап — 2002-жылы туулган А.Н. жандандыруу бөлүмүндө, абалы абдан оор. Анын боору жабыркаптыр, операция жасадык. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деди ал.

4 жаш жигиттин өмүрүн алган жол кырсык кечээ, 9-сентябрда саат 14:50 чамасында болду. 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда карама-каршы багыттагы автобус менен кагышып, талкаланган. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган автобус даракты сүзүп токтогон.

Жеңил унаада 5 адам — 4 жигит жана 1 кыз бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 4 жигит ошол жерде каза болду.

Каза болгондор:

- 2002-жылы туулган Б.Б. (айдоочу);

- 2002-жылы туулган К.А.;

- 2002-жылы туулган Ж.Э.;

- 2002-жылы туулган А.Б.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна автобустун 3 жүргүнчүсү жеткирилген:

- 1989-жылы туулган Б.А., башынан, баш мээсинен жаракат алган, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө;

- 1960-жылы туулган Б.Г., кар жилиги сынган, абалы орто оор. Нейротравматалогия бөлүмүндө;

- 20-25 жаштагы кыз баш мээсинен жаракат алган, ооруканадан чыгарылды.

Шаардык клиникалык балдар ооруканасына 2 адам жеткирилген:

- 2003-жылы туулган Ж.Н., абалы канааттандырарлык;

- 2011-жылы туулган М.А., ооруканадан чыгарылды.

Ал эми Улуттук госпиталга 1998-жылы туулган Т.Б. (автобустун жүргүнчүсү) жеткирилген. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком