16:14, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 4 жигит каза болгон жол кырсыктан 11 адам жаракат алды

На русском
19:54, 9 аяк оона 2019 1849

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинде 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктан 11 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен экөө жаш балдар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 9-сентябрда саат 14:50 чамасында 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда каршы багыттагы №8 автобус менен кагышып, талкаланган.

Кадры с места ДТП
Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 3 адам жеткирилген:

- 1989-жылы туулган Б.А. (абалы оор);

- 1960-жылы туулган Б.Г. (амбулатордук дарыланууга чыгаруу маселеси каралып жатат);

- 20-25 жаштар чамасындагы аял киши (абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө);

- Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 1998-жылы туулган Т.Б. жеткирилген (абалы орто оор;

- Шаардык клиникалык балдар ооруканасына 2 адам жеткирилген: 2003-жылы туулган Ж.Н. (абалы орто оор);

- экинчиси: 2011-жылы туулган М.А. (абалы канааттандырарлык).

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын акыркы маалыматы боюнча, унаа менен кагышкан автобус бакты сүзгөн. Жеңил унаадагы 4 жаш жигит оор жаракат алып, окуя болгон жерден көз жумушкан. Учурда тактоо, териштирүү иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком