18:42, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москва районунда эки адамдын мушташы өлүм менен аяктады

На русском
20:30, 9 аяк оона 2019 157

Баракелде -  Москва районундагы Сретенка айылында туугандар арасында чыр чыгып, ал өлүм менен аяктаган. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

7-сентябрда Москва РИИБге Сретенка айылындагы үйлөрдүн биринде мушташ чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерден жаракат алган белгилери бар жансыз дене табылды. Каза болгон адамдын өздүгү такталып, 1981-жылы туулган Р.Р. экени аныкталган. Ошондой эле кылмыш болгон жерден союл (дубинка) табылды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Чүй облусунун 1973-жылы туулган тургуну В.А. кармалды.

«Кылмыш болгон күнү маркум менен шектүү спирт ичимдиктерин ичип, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Шектүү бир нече жолу маркумдун башына союл (дубинка) менен урган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Алар апасы тараптан тууган экени такталды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком