20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кеминде 34 жаштагы айдоочу жөө адамды сүзүп, качып кеткен (сүрөт)

На русском
12:19, 9 аяк оона 2019 371

Баракелде -  Кемин районунун Орловка айылындагы парктын жанында 50 жаштагы жөө адамды унаа сүзүп кетти. Окуя кечээ, 8-сентябрда саат 23:30 чамасында болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу кырсыктан кийин качып кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, бирок жаракатынын кесепетинен көз жумду.

«9-сентябрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана РИИБдин кызматкерлери тарабынан кырсыкка тиешеси бар боз түстөгү "Мерседес-Бенц" унаасы аныкталып, кийинчерээк 1985-жылы туулган айдоочу кармалды. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короого киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком