00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектик тургунду коркутуп, үйүнөн алтын жасалгаларды жана 6 миң долларын уурдап кетишкен

На русском
11:00, 9 аяк оона 2019 142

Баракелде -  Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

16-августта Ленин РИИБге М.И. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 16-августта болжол менен саат 04:00 чамасында Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйүнө терезе аркылуу кирип, аны бычак менен коркутуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, алтын жасалгаларын жана 6 миң доллар акчасын уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Ленин РИИБ тарабынан Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ленин РИИБдин тиешелүү кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган У.Б. менен 1999-жылы туулган Д.А. кармалды. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0(312) 44-44-57, 0(555) 10-26-70, 0(708) 80-70-27 номурлары же «102» кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком